Убакыт
УБАКЫТ. сл. Надырбека Алымбекова
Жылдызы жайнап күлүӊдѳй
Жыргал жок жайдын түнүндѳй
Ак сүтүн айдын шимирип
Ачылат гүлдѳр билинбей
ПРИПЕВ:
Канча жаш кетти коштошпой,
Кадырлаш болуп достошпой
Ѳкүнүч калып ѳзү жок, эй...
Ѳтпѳйбү чиркин боздотпой
А - а - а... И - и - и ...
ПРОИГРЫШ: 2 такта
Мѳмѳлүү дарак бүрүндѳй
Мѳлтүрѳйт тоонун гүлүндѳй
Бозойдун кѳзүн кызытып
Бой жетет кыздар билинбей
ПРИПЕВ: ПРОИГРЫШ: 6 тактов
Учканы кѳзгѳ илинбей
Убакыт ѳтѳт билинбей
Кумары күчтүү үмүттү
Кубалап жүрѳм түӊүлбѳй
ПРИПЕВ:
Муз. Жолой Жакыпов Ю. Я.